Америкалык тургун жубайына «сюрприз» кылам деп эки ай бою лотереядагы утушун жашырган

Америкалык жаран лотереядан 100 миң доллар утуп, 2 ай бою жубайына туулган күнүнө сюрприз кылам деп жашырып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШнын Түндүк Каролина штатынын тургуну Жони Буадромо 3 долларга лотерея билетин сатып алган. Ал билети ийгиликтүү болуп, 50 миң доллар утуш алып келген. Кызыгы, атайын тандоонун жыйынтыгында анын утушу эки эсеге көбөйтүлүп, жалпы 100 миң доллар жеңип алган. Ошол окуядан эки айдан кийин Жонинин жубайынын туулган күнү болмок экен. Жони эки ай бою эсебинен акчаны албай, утушу тууралуу жубайына ооз ачкан эмес. Качан гана көптөн күткөн күнү келгенде утуп алган 100 миң доллары тууралуу сүйүнчүлөгөн. «Жубайым алгач ишенген жок, мени тамашалашып жатат деп ойлоду. Чынында өзүм деле утушума араң ишендим. Баарынан да сүйүктүүмө жакшы жаңылыкты айтпай эки ай бою сыр тутуу мага оор болду», — деген Жони Буадромо.