Америкалык ырчы Тина Тернер каза болду

Америкалык ырчы Тина Тернер каза болду. Бул тууралуу SkyNews жазды. 

«Рок-н-ролл ханышасы» Тина Тернер Цюрихтин жанындагы Кюснахттагы үйүндө 83 жашында узакка созулган оорудан кийин көз жумду», — деп айтылат маалыматта.

Тина Тернер сегиз «Грэмми» сыйлыгынын ээси. Rolling Stone журналы аны биздин замандын эң улуу ырчыларынын бири деп атаган.

Ырчы карьерасын 1960-жылдары баштап, андан бери тогуз альбом чыгарган. Тина Тернер 2016-жылы рак менен ооруп, 2017-жылы бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасалган.

Tina Turner - The Best (Official Music Video)