Америкалык жана германиялык компаниялар 90 пайыздык эффективдүүлүк көрсөткөн коронавируска каршы вакцина ойлоп табышты

Америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары 90 пайыздык эффективдүүлүк көрсөткөн коронавируска каршы вакцина ойлоп табышты. Алар муну адамзаты үчүн илим жаатындагы ири окуя деп аташты.
Маалым болгондой, вакцинаны текшерүү үчүн дүйнөнүн 6 өлкөсүнөн 43 миң 500 адам катышкан. Анда вакцинанын терс кесепети байкалган эмес.
Компаниялар жылдын аягына чейин вакцинанын 50 миң дозасын, ал эми 2021-жылдын аягына чейин 1 миллиард 300 миллион дозасын чыгара турганын билдиришкен.
Мындан улам алар ноябрдын соңуна чейин препаратты колдонууга чыгарууга уруксат бере турган сертификат алуу үчүн билдирүү жиберүүнү пландап жатышканы айтылат.