Ангела Меркель менен жолдошун эконом класстагы рейсте байкашкан

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель күйөөсү менен Канар аралдарына эконом класстагы рейс менен эс алууга барган. Учактын бортунда тартылган видео соцтармактарга тарады.

Экс-канцлер күйөөсү профессор Йоахим Зауэр менен Фуэртевентура аралында эс алып жүргөн. Басылманын маалыматы боюнча, билеттин баасы киши башына болжол менен 504 еврону түзөт. Маалыматта аны бир нече адам коштоп жүргөнү айтылган — болжолдуу түрдө алар коопсуздук кызматкерлери болушу мүмкүн.