Берлинде Ангела Меркелдин Германия Федеративдүү Республикасынын канцлери кызматынан кеткендигине байланыштуу салтанат өттү. Салтанатты бундесвер — Германиянын куралдуу күчтөрү уюштурган. Бул тууралуу Deutsche Welle билдирет.
Өкмөттү 16 жыл жетектеген Ангела Меркель расмий түрдө кийинки жумада, тактап айтканда, 8-декабрга чейин кызматын тапшырат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу иш-чарага 200дөй гана киши катышты. Салтанатта Ангела Меркель сөз сүйлөп, андан соң аскердик оркестр бир нече композия аткарды. Анын үчөөнү канцлер тандаган.
Ангела Меркелдин ордуна 63 жаштагы Олаф Шольц келет. Ал Германиянын Социал-демократтар партиясынын мүчөсү. Соңку 3 жылдан бери вице-канцлер жана каржы министри кызматтарын аркалаган. Анын талапкерлиги 8-декабрга чейин расмий түрдө бекитилери күтүлүүдө. Буга чейин Ангела Меркель кызматын тапшыргандан кийин саясат менен алектенбей турганын белгилеген.