Улуу Британиянын соту 18 жаштагы Аксел Рудакубанды 52 жылга эркинен ажыратты. Ал Саутпорттогу балдар бий клубуна кол салып, үч өспүрүм кызды өлтүргөн. «Рудакубан бардык айыптарын, анын ичинде уу жасаганын мойнуна алды», — деп жазды BBC.
2024-жылдын 29-июлунда Аксел бий клубуна бычак менен кол салган. Анда ал алты жаштагы Биби Кингди, жети жаштагы Элси Дот Станкомбду жана тогуз жаштагы Алиса Дасильв Агиарды өлтүрүп, дагы бир нече балдарды жарадар кылган.
Рудакубан Англиянын Кардифф шаарында төрөлүп, өмүр бою Улуу Британияда жашаган. Анын үй-бүлөсү Чыгыш Африканын Раунда өлкөсүнөн келген. Бирок ММКларда «Кол салган адам 17 жаштагы мусулман» деген фейк билдирүүлөр тараган. Андан кийин бир нече шаарларда мигранттарга каршы тополоңдор жана полиция менен кагылышуулар болгон.