Ангола республикасында 170 караттык күлгүн түстүү ири алмаз табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
170 караттык ири алмаз акыркы 300 жылдан бери алгачкы жолу табылып жатканы айтылат. Алмаз Луло деген алмаз кенинен табылганы үчүн ага «Роза Луло» деген ат коюшкан. Анын чыныгы салмагы тазалангандан кийин билинери жана ал эки эсе азайышы мүмкүндүгү белгиленген.
Маалыматка ылайык, Анголанын бриллиант казуучу мамлекеттик компаниясы ири, сейрек кездешкен табылганы эл аралык тендерден сатмакчы.
«Роза Луло» Анголада табылган 100 караттан ашкан ири алмаздардын арасында 27-орунда экендиги айтылууда.
Абай районунун Бестерек айылында Тойота айдап, өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен жаран адамдарды тааныбай жатканын Tengrinews.kz Жетинчи каналга шилтеме берүү менен билдирди....
Кечээ, 19-августта Казакстандын Абай облусунун Үржар районундагы Бестерек айылында Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу балдарды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. ...