Анкарада Орусия менен Украинанын делегация мүчөлөрү мушташты (видео)

Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясынын Анкарада өтүп жаткан саммитинин алкагында Орусия менен Украинанын делегаттары ортосунда мушташ чыкты. Чатактын видеосун «Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеева жарыялаганын «РБК» билдирди.

Окуя Мамлекеттик Думанын депутаты Ольга Тимофеева камералардын алдында сүйлөп жатканда болгон. Анын артынан украин делегациясынын өкүлү келип, Украинанын желегин желбиреткен. Муну көргөн Мамлекеттик Думанын эл аралык бөлүмүнүн кызматкери анын жанына келип, желекти жулуп алып, алып кетүүгө аракет кылган. Ошондон кийин Украинанын делегаты аны чаап жиберген. 

«Учурда биздин өкүл ооруканада, ал жактан керектүү текшерүүдөн өтүп жатат. Ал консулдук жардам алган. Күнөөлүүлөр жазасын алат деген үмүттөбүз», — деп билдиришти Орусиянын Түркиядагы элчилигинен.