Анкарадагы теракт жасагандардын аты-жөнү ачыкталды

Укук коргоо органдары Анкарадагы терактты уюштургандардын биринин аты-жөнүн аныктап, ал Күрд жумушчу партиясынын (Түркияда террордук уюм деп эсептелет) мүчөсү экенин аныктады. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирди.

«TUSAŞ’ка кол салып, жок кылынган террористтин ким экенин аныктадык. Лакап аты Рожгер болгон Али Орек болуп чыкты», — деп жазган Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая X социалдык тармагына.

Ички иштер министрлиги терактка катышкан аялдын аты-жөнүн тактады. Ал дагы Күрд жумушчу партиясынын мүчөсү. «Ал Мине Севжин Алчичек болуп чыкты», — деп жазды.

23-октябрда Анкарадагы аэрокосмостук TUSAŞ корпорациясынын имаратында болгон кол салуудан 5 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды.

«Террордук чабуулдан каза болгондордун саны бешке жетти, жарадар болгондордун жалпы саны 22 киши, алардын үчөө ооруканадан чыгарылды», — деген Түркиянын ички иштер министри Али Эрликая.

Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер кол салуунун артында өкмөткө оппозиция болгон, АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп таанылган жикчил Күрд жумушчу партиясы турушу мүмкүн деп эсептейт.