Анталияда токой өртү турак жайларга жайылып, 50дөн ашуун адам жаракат алды

Түркиянын Анталия провинциясынын Манавгат аймагында чыккан ири токой өртү турак жайларга жайылды. Бул тууралуу жергиликтүү CNN Turk басылмасы жазып чыкты. 

Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли өрттүн кесепетинен 53 адам жабыркаганын билдирди. Үйлөр, ишканалардын имараттары, күнөсканалар жана айыл чарба жерлери жабыркап, ондогон гектар токой өрттөнгөн. 

Провинциядагы өрттү өчүрүүгө учак, 19 тик учак, 103 өрт өчүрүүчү унаа жана 400дөн ашуун адис жөнөтүлгөн. Отко каршы күрөшкө ташталган күчтөр жалындын Анталия-Аланья трассасында май куюучу жайларга жетпешине аракет кылышууда. Өрттүн жайылышына шамал жана нымдуулуктун төмөндүгү да себеп болууда.