Анталиянын Аланья районунда мейманкананын курулушунда өрт чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Өрт Анталиянын Аланья районундагы мейманкананын курулушунда болгон. Ичинде калган жумушчуларды куткаруу жана жалынды өчүрүү максатында дароо чара көрүлдү. Куткаруучулар эвакуация үчүн кранды колдонушту. Окуя саат 16:30дар чамасында болгон.
Эске салсак, өткөн жумада түрк мейманканасында болгон ири өрттө 78 адам каза болгон.