Royal
SerepTV Logo

Антальяда асма жолдун кабинасынын кулашы. 5 киши камакка алынды

Антальяда асма жолдун кабинасынын кулашы. 5 киши камакка алынды
12-апрелде Антальяда тоого чыккан асма жолдун бир кабинасы кулап, бир адам каза болгон. Жабыркаган 7 кишинин арасында кыргызстандык аял бар экенин түркиялык ЖМКлар жазышты. Тышкы иштер министрлиги Антальядагы асма жолдун кабинасы кулаганда кыргызстандык аял да жабыркаганын ырасташкан. Ал ооруканага тик учак менен жеткирилген." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/tyrkiyanyn-antalyasynda-asma-joldun-kabinasy-kulap-kyrgyz-jarany-jabyrkady/">жеткирилген.

Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч иликтөөнүн алкагында 5 киши кармалганын билдирди. "Эксперттердин алдын ала корутундусуна баа бергенден кийин кармалган 14 адамдын бешөө камакка алынды, сегизине карата соттук көзөмөл киргизилди", — деп жазган социалдык тармагында.