Антальяда асма жолдун кабинасынын кулашы. 5 киши камакка алынды

12-апрелде Антальяда тоого чыккан асма жолдун бир кабинасы кулап, бир адам каза болгон. Жабыркаган 7 кишинин арасында кыргызстандык аял бар экенин түркиялык ЖМКлар жазышты. Тышкы иштер министрлиги Антальядагы асма жолдун кабинасы кулаганда кыргызстандык аял да жабыркаганын ырасташкан. Ал ооруканага тик учак менен жеткирилген.

Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч иликтөөнүн алкагында 5 киши кармалганын билдирди. «Эксперттердин алдын ала корутундусуна баа бергенден кийин кармалган 14 адамдын бешөө камакка алынды, сегизине карата соттук көзөмөл киргизилди», — деп жазган социалдык тармагында.