Антарктидадан аянты Лондондой болгон айсберг бөлүндү (сүрөт, видео)

Антарктикадагы Брант муз шельфинен чоң айсберг бөлүнүп кетти. Анын аянты Лондон менен салыштырылып жатат. Бул Британиянын Антарктика изилдөөсүнө ылайык, изилдөө станциясынын жанында болгон.

Британдык Антарктика изилдөөсү жаңы айсбергдин пайда болушу климаттын өзгөрүшү менен байланышпаганын белгиледи. «Буга көп жылдык жарака себеп болгон. Мындан улам айсберг бөлүнүп кетти»,— деп айтылат маалыматта.