Антониу Гутерриш: «Кедей мамлекеттер коронавируска садакага берилди»

Бүгүнкү күнгө карата короновируска каршы даярдалган бардык вакцинанын 82 пайызын бай мамлекеттер алышты, ал эми кедей мамлекеттер 0,3 пайыз гана эмдөө алышкан. Бул тууралуу БУУнун башчысы Антониу Гутерриш Римде өткөн саламаттыкты сактоо боюнча саммиттин катышуучуларына кайрылып жатып билдирди.

Ошондой эле БУУнун башчысынын билидирүүсүнө ылайык, пандемия менен күрөш эки параллелдүү багыт менен жүрүүдө. “Вакцина, тест, дары-дармек жана башка керектүү нерселердин кол жеткис болгондугуна байланыштуу, айрым жакыр мамлекеттер бул вируска садакага берилди. Индия, Түштүк Америка сыяктуу региондордо вирустун кескин түрдө көбөйүүсү көз алдыбызда адам өмүрлөрүн алууда”, — деп баса белгиледи Антониу Гутерриш.

БУУнун башчысынын айтымында, вирус эч кайда жоголгон жок, ал өзүн жакшы сезип, улам мутацияланган түрлөрүн пайда кылууда. Аны жеңүүнүн жалгыз жолу — бул ыкчам жана жалпы түрдөгү вакцинациялоо деп кошумчалады ал.