«Апа, мени алып кетчи». Өзбекстанда балдарын аёосуз сабаган атанын видеосу тарады

Өзбекстандагы социалдык тармактарда чоң киши кичинекей балдарды сабап жаткан видео тарады. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Видеодо эркек киши коркконунан ыйлап жаткан бир нече кичинекей балдарды кезектешип уруп, тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда сабап жатканын кишинин жылмайып турганын көрүүгө болот. Прокуратура маалымат таратып, 30 жаштагы киши өз баласын сабап, видеого тартканын, кенен маалымат кийинчерээк болорун билдирген.