«Апамдын жан дүйнөсүн чагылдырып тургандай». Өзбекстандын мурунку президентинин кызы Гүлнара Каримова абактан кат жөнөттү

Өзбекстандын мурунку президенти маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гулнара Каримова абактан өзүнүн калемине таандык ырды кызына берип жиберген. Бул тууралуу анын кызы Иман социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Имандын айтымында, ал апасынын ыр түрүндө жазылган катын абактан эркиндикке чыккан аялдан алган.

“Жакында эле абактан эркиндикке чыккан, күчтүү айымдан апам тууралуу кабар, кат алдым. Тилекке каршы бизде апам менен эч кандай байланыш жок. Биз жазган кат апама жетпейт. Жактоочуларды да киргизишпейт. Керек болсо телефон чалууларга да мүмкүн эмес экен. Бул ыр түрүндөгү кат апамдын жан дүйнөсүн чагылдырып тургандай. Мыйзам иштебеген Өзбекстанда абактагылардын көргөн күнүн элестетүү да мүмкүн эмес”,- деп жазды Иман.

Гүлнара Каримова Ташкенттин жанындагы №21 Зангиата аялдар колониясында жазасын өтөп жатат. Ал мамлекеттин мүлкүн уурдоо, салык төлөөдөн качуу, опузалап акча талап кылуу жана акчаны адалдоо боюнча күнөөлүү деп табылган. Март айында Өзбекстандын Жогорку Соту Гүлнара Каримова уюшкан кылмыштуу топту уюштургандыгы, пара талап кылгандыгы жана алдамчылык кылгандыгы үчүн 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылганын жарыялаган.