Апасын муунтуп өлтүрүп, этин муздаткычка салып коюп үйүндөгү ити менен жеп жүргөн

Испаниялык Альберто Санчес Гомес өз энесин өлтүрүп, этин ити менен жеп жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалымат боюнча, 28 жаштагы жигит официант болуп иштеп келген жана 68 жаштагы апасы Мария Соледад Гомес менен чогуу жашаган. Ал эми жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, ал буга чейин да апасы менен болгон пикир келишпестиктен улам 12 ирет полицияга түшкөн. Ал алкоголдук ичимдик ичип, баңгизат колдонуп келген. Альберто Санчес Гомес апасы менен болгон акыркы чырда ал апасын муунтуп өлтүргөн соң аны жиликтеп, этин муздаткычка салып коюп үйүндөгү ити менен жеп жүргөн. Ал сотто апасын өлтүрүүгө кулагына угулган ар кандай үндөр түрткөнүн айтып, кылмыш кылганын моюнга алган соң, сот аны 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.