«Аппараттан алып салуу планда жок». Орусиялык ырчы МакSимдин абалы айтылды

Азырынча ырчы МакSимди (Марина Абросимова) жасалма дем алдыруучу аппаратынан алып салуу планы жок. Бул тууралуу артисттин жакындары РИА Новостинин кабарчысына билдирип, Маринанын абалы өзгөрүүсүз экендигин белгилешти.

Ырчы 11-июнда өзүн жаман сезип, 19-июнда өтө турган концертин дагы токтотууга аргасыз болуп, кийин ооруканага жаткырылган. Көп өтпөй, анын Москвадагы ооруканалардын биринде комада экендиги жана жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганы маалым болгон. Ал эми кийинчерээк ырчынын өпкөсү 75 пайызга чейин жабыркаганын жазып чыгышкан.