Apple компаниясы iPhone 15 акыркы үлгүсүндөгү смартфондорун тааныштырды

Кечээ, 12-сентябрда Apple компаниясы акыркы үлгүсү болгон iPhone 15 менен тааныштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — бул Lightning кубаттоочу бөлүгүнөн USB Type-C туташтыргычына өтүшү. Мындай жаңылоо кубатталган энергияны көпкө сактайт. Ошондой эле смартфондор буга чейин Pro iPhone моделдеринде гана жеткиликтүү болгон Dynamic Island функциясына ээ болушту.

Акыркы үлгүдөгү бул смартфондун кызгылт, сары, жашыл, көгүш жана кара түстөрү чыккан. iPhone 15 жана iPhone 15 Plus корпусунун арткы бети жалтырабаган бетке ээ болот. Четтери кырдуу эмес тегеректелип чыгарылган. iPhone 15тин дисплей өлчөмү 6,1 дюйм, iPhone 15 Plus 6,7 дюймду түзөт. 48 мегапикселдик жаңы камера орнотулган.

АКШда iPhone 15тин сатылуу баасы 799 доллардан башталат, 15 Plus — 899 доллар, 15 Pro — 999 доллар, 15 Pro Max – 1199 доллар. Сатыкка 22-сентябрдан тарта чыгат.