Бейшемби, 02.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР ТҮРКҮН ДҮЙНӨ

Түштүк Кореянын башчылары бийликтен кантип ажыраган?

15:21 15.01.2025
0
Түштүк Кореянын башчылары бийликтен кантип ажыраган?

Дээрлик ар бир президенттин иши түрмө менен аяктаган Түштүк Кореянын тарыхына бүгүн дагы бири кошулду. Бүгүн, 15-январда Түштүк Кореянын учурдагы президенти Юн Сок Ёлду тергөөчүлөр кармап, резиденциядан суракка алып кетишти.

Юн Сок Ёл 2024-жылдын 3-декабрында саясий оппоненттери менен күрөшүү үчүн аскердик абалды киргизүү аракетинен кийин чоң жаңжалдын чордонунда калган. Парламент аны бийликтен четтетип, сот бийликти кыянаттык менен пайдалануу, козголоң уюштуруу аракети жана конституциялык түзүлүштү бузуу боюнча айыптарды койду.

Өлкө тарыхында лидерлерине байланышкан кылмыш ишин козгоо, импичмент, өмүрүнө кол салуу, атып салуу сыяктуу окуялары көп. Аларды эстеп көрөлү.

Өлкөдөн качып кеткен Ли Сын Ман (1948-1960)
Түштүк Кореянын биринчи президенти Ли Сын Ман 1948-жылдан бери башкарып, өлкөнүн негиздөөчүсү катары эсте калды. Бирок 1960-жылы шайлоону бурмалоо аркылуу өз ыйгарым укуктарын узартуу аракети элдик нааразычылыктарга алып келген. Апрель революциясы аны кызматтан кетүүгө жана Гавайиге качууга аргасыз кылган, ал качкында каза болгон.

 

Төңкөрүштөн улам бийлигин жоготкон Юн Бо Сон (1960-1962) 
Ли Сын Ман сүргүнгө айдалгандан кийин,  Юн Бо Сон бийликке келген. Бирок анын президенттиги көпкө созулган жок. 1961-жылы генерал Пак Чон Хи аскердик төңкөрүш уюштуруп, Юнду расмий лидер катары калтырып, өзү өлкөнү натыйжалуу башкарган. Эки жылдан кийин Юн биротоло отставкага кетти.

Атып өлтүрүлгөн Пак Чон Хи (1963-1979)
Пак Чон Хи авторитардык режимди орнотуп, өлкөнү 1963-1979-жылдары башкарган. Анын башкаруусу тушунда Түштүк Корея экономикалык жактан ылдам өскөн. Бирок саясаттын катаалдыгы жана карама-каршылыктарды басуу нааразычылыктарды жаратты. 1979-жылы аны кечки тамакта текшерүү кызматынын башчысы атып өлтүргөн.

Чыккынчылык үчүн соттолгон генерал Чон Ду Хван (1980-1988)
1980-жылы Пак Чон Хи өлтүрүлгөндөн кийин генерал Чон Ду Хван төңкөрүш аркылуу бийликке келген. Анын башкаруусу жүздөгөн адамдар каза болгон Кванжудагы козголоңду ырайымсыз басуу менен эсте калды. Бийликтен кеткенден 8 жылдан кийин 1996-жылы мамлекетке чыккынчылык жана коррупция үчүн соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылып, өлүм жазасына кесилген. Бирок 1997-жылы ал ырайым алган.

 

Коррупция үчүн соттолгон Ро Дэ У (1988-1993)
Чон Ду Хвандын мураскери Ро Дэ У дагы 1996-жылы коррупция үчүн соттолгон. Ал 17 жылга кесилип, бирок эки жылдан кийин кечирилген. Экономикадагы жана тышкы саясаттагы ийгиликтерине карабастан, анын карьерасы кайгылуу нотада аяктаган.

 

Өз жанын кыйган Но Му Хён (2003-2008) 
Но Му Хён либералдык көз караштагы лидер болгон. Ал Түштүк Кореянын саясий системасын өзгөртүүгө аракет кылган. Бирок анын мөөнөтү аяктагандан кийин анын үй-бүлөсү коррупциялык жаңжалдын чордонунда болгон. Ал 2009-жылы ал өз жанын кыйып, тарапташтарынан кечирим сураган кат калтырган.

Темир тор артында калган ишкер президент Ли Мен Бак (2008-2013)
Өлкөнү 2008-2013-жылдары башкарган Ли Мен Бак паракорчулук үчүн соттолгон. Ага SАMSUNG компаниясынан пара алуу боюнча айып тагылган. 2018-жылы 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2022-жылы кечирим алган.

Импичмент жарыяланган биринчи аял президент Пак Кын Хе (2013-2017)
Пак Кын Хе Түштүк Кореянын биринчи аял президенти болуп калды, бирок анын башкаруусу чоң жаңжал менен аяктады. Ал жакын досу Чхве Сун Силге байланыштуу коррупция жана бийликти кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Ал 2017-жылы кызматтан алынып, кийин соттолуп, 24 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ага 2021-жылы ырайым берилген. Ал өлкөнү 1963-1979-жылдары башкарган, көзөмөл кызматынын башчысы атып өлтүрүлгөн Пак Чон Хинин кызы.

Ызы-чуу жок жалгыз президент Мун Чжэ Ин (2017-2022)
Кызматын чуулгандуу окуяларсыз аяктаган президент Мун Чжэ Ин Түндүк Корея менен мамилелерди жакшыртуу боюнча демилгелери менен эсте калды. Анын ишмердүүлүгү шек жаратпай, бийлигин тынч өткөрүп берген Түштүк Корея тарыхындагы жалгыз президент.

Тагдыры белгисиз Юн Сок Ёл (2022-2025)
Бүгүн, 15-январда Түштүк Кореянын учурдагы президенти Юн Сок Ёлду тергөөчүлөр кармап, резиденциядан суракка алып кетишти.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Ал бир аптага созулат

Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Ал бир аптага созулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:31 30.03.2026
0

Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Япон алчасынын ак жана кызгылт гүлдөрү өлкөдө жаздын келгенин билдирип, кыска мөөнөттүү көчө майрамдарынын башталышына...

Улуу Британияда аял көтөрүп чуркоо боюнча турнир өттү

Улуу Британияда аял көтөрүп чуркоо боюнча турнир өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:12 10.03.2026
0

Жеңишти Финляндиядан келген жуп жеңип алды — сыйлык катары аларга бир бочка эль (салттуу сыра түрү) берилди. Бул дүйнөлүк мелдеште эркек...

Аятолла Али Хаменеинин уулу Ирандын жогорку лидери болуп шайланды

Аятолла Али Хаменеинин уулу Ирандын жогорку лидери болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:54 04.03.2026
0

Өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Мындай чечимди шииттердин жогорку диниятчыларынын 88 өкүлүнөн турган...

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:17 03.03.2026
0

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгыштагы аэропорттор үч күн жабык болуп, ал учурда миңдеген каттамдар токтотулду. The Guardian басылмасы муну пандемиядан...

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:48 03.03.2026
0

ТАСС агенттиги авиадиспетчердик чөйрөдөгү булакка таянып билдиргендей, Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери Дубайдын эл аралык аэропортунан биринчи жүргүнчү учагы учуп...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кыргызстанда 4,5 балл жер титиреди

Кыргызстанда 4,5 балл жер титиреди

08:40 02.04.2026
Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент-Ош түз авиарейси ишке кирди

Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент-Ош түз авиарейси ишке кирди

11:10 02.04.2026
7 секундда ырастоо: MBusiness ишкерлер үчүн онлайн-кредиттин пайызын 16%га чейин төмөндөттү

7 секундда ырастоо: MBusiness ишкерлер үчүн онлайн-кредиттин пайызын 16%га чейин төмөндөттү

17:17 02.04.2026
7 секундда ырастоо: MBusiness ишкерлер үчүн онлайн-кредиттин пайызын 16%га чейин төмөндөттү

7 секундда ырастоо: MBusiness ишкерлер үчүн онлайн-кредиттин пайызын 16%га чейин төмөндөттү

17:17 02.04.2026
Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент-Ош түз авиарейси ишке кирди

Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент-Ош түз авиарейси ишке кирди

11:10 02.04.2026
Кыргызстанда 4,5 балл жер титиреди

Кыргызстанда 4,5 балл жер титиреди

08:40 02.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү