Дээрлик ар бир президенттин иши түрмө менен аяктаган Түштүк Кореянын тарыхына бүгүн дагы бири кошулду. Бүгүн, 15-январда Түштүк Кореянын учурдагы президенти Юн Сок Ёлду тергөөчүлөр кармап, резиденциядан суракка алып кетишти.
Юн Сок Ёл 2024-жылдын 3-декабрында саясий оппоненттери менен күрөшүү үчүн аскердик абалды киргизүү аракетинен кийин чоң жаңжалдын чордонунда калган. Парламент аны бийликтен четтетип, сот бийликти кыянаттык менен пайдалануу, козголоң уюштуруу аракети жана конституциялык түзүлүштү бузуу боюнча айыптарды койду.
Өлкө тарыхында лидерлерине байланышкан кылмыш ишин козгоо, импичмент, өмүрүнө кол салуу, атып салуу сыяктуу окуялары көп. Аларды эстеп көрөлү.
Өлкөдөн качып кеткен Ли Сын Ман (1948-1960)
Түштүк Кореянын биринчи президенти Ли Сын Ман 1948-жылдан бери башкарып, өлкөнүн негиздөөчүсү катары эсте калды. Бирок 1960-жылы шайлоону бурмалоо аркылуу өз ыйгарым укуктарын узартуу аракети элдик нааразычылыктарга алып келген. Апрель революциясы аны кызматтан кетүүгө жана Гавайиге качууга аргасыз кылган, ал качкында каза болгон.
Төңкөрүштөн улам бийлигин жоготкон Юн Бо Сон (1960-1962)
Ли Сын Ман сүргүнгө айдалгандан кийин, Юн Бо Сон бийликке келген. Бирок анын президенттиги көпкө созулган жок. 1961-жылы генерал Пак Чон Хи аскердик төңкөрүш уюштуруп, Юнду расмий лидер катары калтырып, өзү өлкөнү натыйжалуу башкарган. Эки жылдан кийин Юн биротоло отставкага кетти.
Атып өлтүрүлгөн Пак Чон Хи (1963-1979)
Пак Чон Хи авторитардык режимди орнотуп, өлкөнү 1963-1979-жылдары башкарган. Анын башкаруусу тушунда Түштүк Корея экономикалык жактан ылдам өскөн. Бирок саясаттын катаалдыгы жана карама-каршылыктарды басуу нааразычылыктарды жаратты. 1979-жылы аны кечки тамакта текшерүү кызматынын башчысы атып өлтүргөн.
Чыккынчылык үчүн соттолгон генерал Чон Ду Хван (1980-1988)
1980-жылы Пак Чон Хи өлтүрүлгөндөн кийин генерал Чон Ду Хван төңкөрүш аркылуу бийликке келген. Анын башкаруусу жүздөгөн адамдар каза болгон Кванжудагы козголоңду ырайымсыз басуу менен эсте калды. Бийликтен кеткенден 8 жылдан кийин 1996-жылы мамлекетке чыккынчылык жана коррупция үчүн соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылып, өлүм жазасына кесилген. Бирок 1997-жылы ал ырайым алган.
Коррупцияга үчүн соттолгон Ро Дэ У (1988-1993)
Чон Ду Хвандын мураскери Ро Дэ У дагы 1996-жылы коррупция үчүн соттолгон. Ал 17 жылга кесилип, бирок эки жылдан кийин кечирилген. Экономикадагы жана тышкы саясаттагы ийгиликтерине карабастан, анын карьерасы кайгылуу нотада аяктаган.
Өз жанын кыйган Но Му Хён (2003-2008)
Но Му Хён либералдык көз караштагы лидер болгон. Ал Түштүк Кореянын саясий системасын өзгөртүүгө аракет кылган. Бирок анын мөөнөтү аяктагандан кийин анын үй-бүлөсү коррупциялык жаңжалдын чордонунда болгон. Ал 2009-жылы ал өз жанын кыйып, тарапташтарынан кечирим сураган кат калтырган.
Темир тор артында калган ишкер президент Ли Мен Бак (2008-2013)
Өлкөнү 2008-2013-жылдары башкарган Ли Мен Бак паракорчулук үчүн соттолгон. Ага SUMSUNG компаниясынан пара алуу боюнча айып тагылган. 2018-жылы 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2022-жылы кечирим алган.
Импичмент жарыяланган биринчи аял президент Пак Кын Хе (2013-2017)
Пак Кын Хе Түштүк Кореянын биринчи аял президенти болуп калды, бирок анын башкаруусу чоң жаңжал менен аяктады. Ал жакын досу Чхве Сун Силге байланыштуу коррупция жана бийликти кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Ал 2017-жылы кызматтан алынып, кийин соттолуп, 24 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ага 2021-жылы ырайым берилген. Ал өлкөнү 1963-1979-жылдары башкарган, көзөмөл кызматынын башчысы атып өлтүрүлгөн Пак Чон Хинин кызы.
Ызы-чуу жок жалгыз президент Мун Чжэ Ин (2017-2022)
Кызматын чуулгандуу окуяларсыз аяктаган президент Мун Чжэ Ин Түндүк Корея менен мамилелерди жакшыртуу боюнча демилгелери менен эсте калды. Анын ишмердүүлүгү шек жаратпай, бийлигин тынч өткөрүп берген Түштүк Корея тарыхындагы жалгыз президент.
Тагдыры белгисиз Юн Сок Ёл (2022-2025)
Бүгүн, 15-январда Түштүк Кореянын учурдагы президенти Юн Сок Ёлду тергөөчүлөр кармап, резиденциядан суракка алып кетишти.