Араб Эмираттарында 50 градус ысыкта жасалма жамгыр жаадырышты (видео)

Бириккен Араб Эмираттары 50 градус ысыкта чөлдө жасалма жамгыр жаадыруу технологиясын ийгиликтүү сынады. Бул тууралуу Business Insider билдирди.

50 градус ысыкка каршы күрөшүү үчүн дрондордун жардамы менен жамгыр жаадырууну көздөп жатканы белгиленген. Анда булуттарга электр тогун тийгизип, алардын кагылышын жана жаан-чачынды пайда кылган дрондор колдонулган.