Аргентинада белгилүү ырчынын өлүмүнө шектелип экинчи адам кармалды

3-январда Аргентинада One Direction тобунун экс-мүчөсү Лиам Пейнди баңгизат менен камсыз кылган деген шек менен официант Брайан Пайс кармалганПейн жашаган мейманкананын дагы бир кызматкери Дэвид Эзекиел Перейра да кармалган. Ал укук коргоо органдарына өзү барган. Перейра да музыкант каза болгон күнү аны баңгизат менен камсыз кылган деп айыпталууда. Иште жалпысынан беш айыпталуучу бар.

Ал эми Лондондо ырчынын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча угуу 17-декабрда Букингемшир округунун Коронердик сотунда башталды. Отурумда ырчынын сөөгү расмий түрдө «Букингемширдеги сөөк коюу агенттеринин жардамы менен» аныкталганы ырасталды жана доктор Роберто Виктор Коэн Пейндин өлүмүнүн медициналык себебин тастыктады. Ырчынын өлүм себебин «политравма» деп аташты.

«Политравма» термини организмдин жана ички органдардын көптөгөн травматикалык жаракаттарын билдирет.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын 16-октябрдында One Direction тобунун экс-мүчөсү Лиам Пейн Аргентинанын борборундагы мейманканалардын биринин 3-кабатынан кулап каза болгону айтылган.