Аргентинанын футболдогу жеңишин майрамдоо учурунда 2 киши каза болду

2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунда Аргентина курама командасынын жеңишин майрамдоо учурунда эки адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Буэнос-Айрестеги парадды мөөнөтүнөн мурда аяктоого туура келген. Анткени Аргентинанын борборуна эл көп чогулуп, транспорттун кыймылын кыйындаткан.

Жеңишти майрамдоо тополоң жана адам өлүмү менен аяктаган. Эки адам каза болуп, дагы көптөгөн жаран түрдүү жаракаттарды алышкан.