Арменияда нааразылык акциясына чыккандар чоң жолдорду тосуп жатышат

Бүгүн, 27-майда Армениянын Ереван шаарында нааразылык акциясына чыккандар трасса жана көчөлөрдү тосуп жатышат. Митингчилер премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасы, Азербайжан менен чек араны делимитациялоо процессин жана Бакуга чек арадагы аймактарды берүүнү токтотууну талап кылышууда.

Атайын кызмат жолду бууган митингчилерди кармап жатышканын армениялык маалымат сайттар жазып жатышат.

Мындай массалык митингдер Ереванда 9-майдан бери өтүүдө.