Жер жүзүндөгү калктын саны 8 миллиардга жетти. Ал кайда төрөлдү?

15-ноябрда төрөлгөн армениялык кыз планетанын сегиз миллиардынчы адамы болду. Бул тууралуу Гегаркуник облусунун губернатору Карен Саркисян Фейсбукта билдирди.

«ЮНИСЕФ тарабынан тастыкталган жана жарыяланган маалыматтарга ылайык, Жер планетасынын сегиз миллиардынчы адамы Гегаркуник аймагындагы Мартуни төрөт үйүндө төрөлгөн. Планетанын сегиз миллиардынчы адамы деп эсептелген жаңы төрөлгөн Цовинар айылынын тургундары Карен Закарян менен Ани Кочаряндын кызы 2 килограмм 900 грамм салмакта, бою 49 сантиметр болуп, дени сак болуп төрөлдү», — деди ал.

Губернатор жаңы төрөлгөн ымыркайдын үй-бүлөсүн куттуктап, ымыркайга жаркын келечек каалады. 15-ноябрда дүйнө калкынын саны сегиз миллиард адамга жетти.