Армениянын оппозициялык кыймылы миңдеген жактоочулар менен 3 күндөн бери митингге чыгып жатышат

Армениянын «Каршылык» аттуу оппозициялык кыймылы Ереванда миңдеген жактоочулары менен 3 күндөн бери митингге чыгууда.

Учурда премьер-министр Никол Пашинян армян парламентиндеги тирешүүлөрдөн кийин жансакчыларынын коштоосунда имараттан белгисиз жакка чыгып кеткени белгилүү болду. Буга чейин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин имаратын басып алышканы маалымдалган.

Армения ЖККУ уюмунун мүчөсү, Кыргызстан, Орусия, Беларусь жана Казакстан менен биргеликте.