Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзүнүн Telegram-каналында сакалын алгандан кийинки видеосу менен бөлүштү.
Монтаждалган кадрларда өкмөт башчы колундагы сүлгү менен камерага жакындап, аны бетине коюп, аны алганда сакалсыз калганын көрүүгө болот.
Ал өз чечимин түшүндүргөн жок. News.am сайтынын маалыматына караганда, Пашинян 2018-жылы Арменияда бийлик алмашкандан бери сакалын алган эмес.