Арнольд Шварцнеггер Лос-Анжелестеги үйүнүн жанындагы жолду оңдоду.
«75 жаштагы актёр жана Калифорниянын мурдагы губернатору Арнольд Шварцнеггер асфальтагы чоң чуңкурду толтуруу үчүн Лос-Анжелестин көчөлөрүнө чыкты, анткени ал асфальттын оңдолушун күтүүдөн тажаган. Актёр жеке блогуна видео жайгаштырып, анда жардамчысы менен чуңкурду бетон менен кантип толтурганын көрсөткөн», — деп жазылат маалыматта.
«Бүгүн бир нече жума бою унааларды жана велосипеддерди бузуп жаткан бул чоң чуңкурга бүт аймак капа болгондон кийин мен командам менен чыгып, аны жамап койдум. Дайыма айтам, арызданбайлы, бир нерсе кылалы”, — деп актёр видеонун алдына жазуу калтырган.
25 жаштагы индиялык теннисчини өз атасы атып өлтүрдү. Анын кошуналары “Сен кызыңдын акчасына жашап жатасың” дей беришкен. Полициянын айтымында, атасы...
Орусияда транспорт министри кызматынан бошотулган Роман Старовойт өз жанын кыйды деп билдирет Tengrinews.kz. Орус медиасынын жана Telegram-каналдарынын алдын ала маалыматына...
Казакстандын Павлодар шаарында аял автобустун 19 жаштагы жүргүнчүсүнө кол көтөргөн. Видеодо анын чачынан кармап, уруп жатканын көрүүгө болот. Мунун баары...