Арнольд Шварцнеггер Мюнхендеги аэропортто кармалып, айыпка жыгылды

Америкалык актёр, Калифорниянын мурдагы губернатору Арнольд Шварцнеггер Мюнхен аэропортунда кармалды. Бул тууралуу Германиянын Bild гезити маалымдады.

Басылма белгилегендей, Шварцнеггер Австрияда өтө турган Дүйнөлүк климаттык саммитке барууну пландаган, бирок Мюнхен аэропортунда бажы кызматкерлери менен бир нече саат өткөргөн. 

Кармоого швейцариялык Audemars Piguet компаниясынын кымбат баалуу сааты себеп болгон, аны актер саммит башталганга чейин аукциондо сатууну пландаган. Баасы болжол менен 20 миң евро турган саатты Audemars Piguet компаниясы Шварцнеггер үчүн жараткан.

«Биз Арнольд Шварцнеггерди салык төлөөдөн качкандыгы үчүн иликтеп жатабыз. Ал саатты каттоодон өткөрүшү керек болчу, анткени ал импорт», — деди басылмага бажы өкүлү Томас Мейстер.

Акыры актер аэропортто 3 сааттай сурак берип, жактоочуларын чакырууга мажбур болгон. Ага 35 миң евро айып салынган.