«Арыктап, өлөйүн деп калган». Диксон аралында оозуна калай банка тыгылып калган ак аюу куткарылды (видео)

Красноярсктын түндүгүндөгү Диксон аралында ак аюу куткарылды. Окуя болгон жерге барган ветеринар алгач жырткычты дары менен уктатып, андан соң оозуна тыгылып калган темир банканы алып салган. Бул тууралуу Орус ЖМКлар жазып чыгышты.

Росприроднадзордун жетекчиси Светлана Радионова Диксон аралынын тургундарына оозуна калай банка тыгылып калган арык жаш ак аюу чыкканын билдирген. Ал өлөйүн деп эле калган. Жергиликтүү тургундар жаныбарга жардам бере алышкан эмес. 

Аюу кетип калганына байланыштуу анын жүргөн жерин аныктоого туура келген. «Аюу Диксон аэропортунан 3 километр алыстыкта ​​табылган. Адистер аны бир жолу атып эле уктатышкан. 10 мүнөттүн ичинде жаныбар кыймылсыз абалга келип, оозундагы банка алынган. Азыр жаныбарлардын дарыгери тилин дарылап жатат. Тилинин жыртылган жерлери көп экен»,- деп билдирди Росприроднадзордун башчысы.