Асел Садвакасова жигити менен болгон жаш айырмачылыгы тууралуу: «Ерке Есмахан жол ачты»

38 жаштагы казак актрисасы Асел Садвакасова өзүнүн жигитин коомчулукка көрсөткөн. Ачыктаган соң, анын 28 жаштагы Магжан Тлеуханов экени маалым болгон. Жигит социалдык тармактарда активдүү, маркетолог жана блогер Арман Юсупов менен бир катар долбоорлордун тең негиздөөчүсү.

Садвакасова социалдык тармактагы баракчасына жигити экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылык боюнча үн катты.  «Кыскасы, мен сүйүп калганымды түшүнгөндө, биринчи реакция, албетте, кубаныч болду, бирок кийин «ал сенден кичүү да» деп ойлой баштадым»,- деп жазды ал. 

Асел Садвакасованын айтымында, ал жүрөгү туура тандоо кылганын түшүнүү үчүн жогорудан белги сураган. Ал социалдык тармактарга кирип, ал жерден Ерке Есмахан менен Раимдин никеси кыйылып жатканда тартылган сүрөттү көргөн.

«Мен Ерке Есмахандын мечитте турмушка чыгып жатканын көрдүм. Чынын айтсам, дал ошол учурда мен белги издеп жаткам. Мен күлдүм да, «түшүндүм» дедим. Анан «Ерке, рахмат, жаным. Сен социалдык чектерден жана стереотиптерден жол ачтың» дедим»,- деп жазды ал.