Ашканадагы эң кир деп кайсы жерди ойлойсуз? Изилдөөнүн жыйынтыгы

Ашкананын эң кир жери кайсы деп ойлойсуз? Таштанды чакасыбы? Майлыкпы? Жок, сиз тапкан жоксуз. 

Journal of Food Protection журналында жарыяланган изилдөөгө ыктыярчылар катышып, алардан эт тамактарын жана салат даярдоону суранышкан. Бирок ашкана чөйрөсүндөгү патогендердин кыймылын билүү үчүн окумуштуулар этке MS2 бактериофаг беришкен. Бул адамдарга эмес, бактерияларга таасир этүүчү вирус. Ыктыярчылар тамак жасап бүткөн соң, окумуштуулар изилдеп, күтүлбөгөн жагдайга туш болушкан. Татымал идиштеринин 48 пайызы MS2 индикатору менен булганган.

Муздаткычтын эшиги, таштанды челектин капкагы, кесүүчү такта — мунун баары артта калган. Ал эми крандын туткалары эң аз булганган объект болгон.

Натыйжаларды талдап чыккандан кийин окумуштуулар сөз кайчылаш булгануу жөнүндө болуп жатат деген тыянакка келишкен. Башкача айтканда, чийки этке тийдиң, анан колуңду жуубай, бир банка татымал алдың, демек ошол идиште эң көп бактерия топтолот дегендик.