Ашраф Гани видеокайрылуу жасап, Ооганстанга кайтып барарын айтты

Ооганстандан качып кеткен президент Ашраф Гани видеокайрылуу жасап, жакынкы мезгилдерде мекенине кайтып барарын билдирди.

Анын айтымында, ал учурда Бириккен Араб Эмираттарында жүрөт. «Жакынкы мезгилдерде өлкөгө кайтып барам»,- деди ал.

Ал «Ашраф Гани чет өлкөгө чыгып бара жатып кулач толо акча ала кеткен» деген сөздөрдү төгүндөгөн. Ошондой эле талибдер Кабулду ээлеген күнү кандай окуялар болгонун кийинчерээк айтып берерин белгилеген.

Белгилей кетсек, Ашраф Гани «Талибан» кыймылы Кабулду ээлеген күнү – 15-августта өлкөдөн чыгып кеткен.