Астанада банктын кызматкерлерин барымтага алган адам кармалды

Астанада банктын кызматкерлерин барымтага алган куралдуу адам кармалды. Баш-аягы жети кызматкер жана бир кароолчу бошотулду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Банктын кызматкерлерин барымтага алган адам Каспи банктын бардык активин майып балдарга жана жакырлардын фондуна которууну талап кылган. Ал өз талабынын аткарылышына үч саат берген жана андан кийин барымтага алган адамдарын өлтүрө тургандыгын билдирген.