Астанада мектепте окуучу тепкичтен кулаган учур видеого түшүп калган

Астанада окуучу тепкичтен кулап кеткен мектептин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

14 мектептин директору кызматтан алынганы тууралуу маалыматты Астана шаарынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Буга чейин Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Динара Закиева мектеп жетекчилигине кылмыш иши козголгонун билдирген. Мектептин окуу жылына даярдыгынын сапатын аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлүүдө.

Астана шаарындагы №14 мектеп-гимназиясынын окуучусу экинчи кабатка чыгып бара жатып тепкичтен кулап кеткен. Баланын айтымында, аны классташы түртүп жиберген. Окуя мектепте орнотулган видеокамерага түшүп калган. Ал ооруканага жаткырылды.