Астанада окуучу кыз саатты туура эмес көрүп алып, таңкы үчтө мектепке барган

Астанада таңкы саат үчтө мектепке барган кыздын ата-энеси жазаланды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Окуя 3-февралга караган түнү саат 03:26 чамасында болгон. Өтүп бара жаткандар мектептин жанында турган кызды байкап, полицияга кабарлашкан. Полиция кыздын ойгонуп, сааттын жебеси 07:00дү көрсөтүп турганын көрүп эле үйүнөн чыгып кеткенин аныктаган. 

Кыздын ата-энеси окуя тууралуу полициядан уккан. Ата-эне административдик жазага тартылган.