Астанада суунун жоктугунан тургундар жолду буушту

Кечээ, 6-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында «Браво» турак-жай комплексинин жашоочулары суунун өчүрүлгөнүнө каршылыгын билдиришип, жолду буушту. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Тургундар 37 градуска жеткен ысыкта бир канча күндөн бери суу саналуу эле саатка берилип жатканына арызданышты.