Июнь айынын башында Астанада коркунучтуу кырсык болгон: жүргүнчүлөрү бар автобус мамыны сүзгөн. Алуа аттуу кыз жаракат алып, эки буту кесилген. Ага эки жолу операция жасалды.
«Азыр баары жакшы. 18-июлда ооруканадан чыктык. Эс алгандан кийин протез маселеси боюнча иштер башталат. Бизге реабилитация учуруна деп 4 бөлмөлүү үй беришти. Батир белек кылышкан, бирок ал жердин курулушу октябрь айында аяктайт», — деди апасы.