Астаналык 2 жаштагы ашпозчу соцтармакты багындырып жатат

Соцтармакта түрдүү тамактарды чебердик менен жасаган кичинекей ашпозчу тууралуу видео популярдуу болуп жатканын Tengri Life жазды.

24 жаштагы казакстандык Хушнуза Алимжанова өзүнүн баракчасына уулунун видеосун жарыялады. Наристе ашканада апасына жардам берип, омлет дардап жатканын көрүүгө болот. 

Хушнуза Алимжанова жолдошу жана уулу менен Астанада жашайт. Баласынын аты Салим, ал 2 жашта.

«Мен өзүм өзбекмин, күйөөм казак. 7 жашымда ата-энем менен Казакстанга туруктуу жашоо үчүн көчүп келгенбиз. Инстаграмда жана ТикТокто декреттик өргүүдө жашоо, жаш эненин күнүмдүк жумуштарын кандай аткарып жатканы тууралуу видео тартам», — дейт ал. 

Келиндин айтымында, ал iPhone 15 Pro Max аркылуу видео тартат. Жаш эненин профессионал камерасы жок, бирок бул смартфон жогорку сапаттагы контентти тартууга мүмкүндүк берет.

«Балам төрөлгөндөн эле мени карап, тамак жасоого болгон кызыгуусун арттырды. Ал отурганды үйрөнөрү менен мен тамак жасап жатканда столдун үстүнө отургуза баштадым. Ар кандай тамактарды аралаштырууга уруксат бердим. Азыр ал ашкабактан, быштактан омлет жасаганды билет», — деди апасы.

@khushnuza #малышготовит #монтессоридома #монтессориготовка #готовимдома ♬ origineel geluid — hanna