Кечээ, 30-апрелде Казакстандын Астана шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын бирин бет кап кийген тоноочу карактоого аракет кылган. Учурда анын өтө сылыктыгына интернет колдонуучулар таң калып жатышат.
«Сураныч, колдоруңузду көтөрүңүз. Колумда жардыргыч бар, азыр ыргытам. Таарынбаңыздар. Сураныч, колдоруңузду көтөрүңүз. Акча бериңиз. Чын айтам, мен мындай кадамга бармак эмесмин, мен бирок төлөшүм керек болуп жатат», — деген ал.
Тоноочу акча алмаштыруучу жайды карактай алган эмес. Кассир жардам чакырган кнопканы басууга үлгүргөн. Тоноочу кармалды, анын тапанчасы оюнчук экени аныкталды.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...