Астананы коюу туман каптады (сүрөт)

Tengrinews.kz басылмасынын фотографы коюу туман каптаган Астананы көрсөттү. 

Шаарда 24-мартка караган түнү туман пайда болгон. Синоптиктердин маалыматы боюнча, туман шаардын кээ бир райондорунда күн бою сакталышы мүмкүн. Бул көрүнүш муздак аба жылуу жер бетине түшкөндө пайда болот. Булуттуу тумандын ортосунда шаардагы эң бийик имарат Абу-Даби Плаза гана көрүнүп турат.