Астананын тургундары көргөзмөгө коюлган мөмө-жемишти талап кетишти

Казакстандын борбору Астанада болуп өткөн Тажикстандын Маданият күндөрүндө аталган шаардын тургундары көргөзмөгө коюлган мөмө-жемишти талап кетишти. Ошол учур тартылган бир нече видео соцтармакта тарап, колдонуучулар тарабынан түрдүү пикирлер жазылууда.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары казакстандыктарга мөмө-жемиш, дарбыз жана коон, таттуулар, суусундуктар жана үй тиричиликте колдонулган буюмдарды көрсөтүүнү каалашкан. Бирок ал көпкө турган эмес. Көргөзмөгө келгендер баарын баштыкка салып, алып кетүүгө ашыгышкан.