Ата эки баласын өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган. Ал бул кадамга аялы көзүнө чөп салганы үчүн барганы айтылууда

Уфа шаарынын 37 жаштагы тургуну Фазил Халиков аялы менен урушуп кетип, алты жаштагы уулун, бир жашар кызын өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган. Жогорудагы жүрөк титиреткен окуя орун алганга чейин ал үн билдирүү жаздырып, туугандарына жөнөткөнүн орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Окуя 26-декабрда Башкирияда болгон: аялынын анын көзүнө чөп салып жүргөнүн билип калып, үйдүн кожоюну балдарды алып, белгисиз тарапка кетип калган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Халиков аялына чалып, кызы каза болгонун, уулу жакын арада өлөрүн айткан.

Ал ушундай эле билдирүүнү агасына жөнөткөн. «Байке, кош бол. Аялым мени алдады, бүгүн күнөөсүн мойнуна алды. Ал башка бирөөнү сүйөрүн айтты. Мен балдарды өзүм менен кошо алып кетем» деген билдирүү жөнөтүп, андан кийин ал байланышты үзгөндүгү маалыматта айтылат.

Бир нече сааттан кийин полиция кызматкерлери үч адамдын жансыз денесин унаанын ичинен табышкан. Маалыматта айтылгандай, ичинен кулпуланган унаада ата эки баласы менен газга ууланып, каза болушкан.