Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө болгон эмес. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Өрт өчүрүүчүлөр үйдөн эс-учун жоготкон бир жаштан алты жашка чейинки беш баланы табышкан. Бардык жабырлануучулар түтүнгө ууланган белгилери менен ооруканага жеткирилген.
«Балдардын баары Тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Алардан жашоонун эч кандай белгилери байкалган эмес. Дарыгерлер бардык аракеттерди көрүшкөн, бирок балдарды сактап калууга мүмкүн болгон эмес», — деп билдирди Батыш Казакстан облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгы.
Белгиленгендей, беш балалуу үй-бүлө ижарага алынган үйдө жашачу. Өрт чыккан учурда ата-энеси жумушта болушкан. Балдардын өлүмү боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталганын Батыш Казакстан облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Баары ууланып калышкан.