«Ата, мен өлүп баратам, коштош» деп айт». Өзбекстанда 2 баласын кыйнаган келиндин видеосу тарады

Социалдык тармактарда үрөй учурган видео тарады. Видеодо Самарканд облусунда эне балдарын кыйнап, өлтүрөм деп коркутуп жатканын көрүүгө болот. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Милициянын маалыматы боюнча, видео Самарканд облусунун Каттакурган районунун Андок айылында тартылган. Кадрларда аял балдарды кыйнап, жолдошуна кайрылган. «Айт, ата, мен өлүп баратам деп айт. Мени менен коштош деп айт», — дейт аял биринчи баласын кармап камерага көрсөтүп. Ал ошондой эле кичүү баласын да мойнунан кармап, кыйнап, «мына, ушинтип өлтүрөм» деп жатканын угууга болот.

Облустук ички иштер башкармалыгы видеодогу 23 жаштагы келин экенин, ал Орусияда жүргөн күйөөсү менен урушуп кеткенин, жаңжалдан кийин ал өч алууну чечип, балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн видеону жөнөткөнүн билдиришкен. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, жыйынтыгында жарандын аракетине юридикалык баа берилет. Кылмыш иши козголду.