Атадан уулга өткөн бийлик. Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти болуп шайланды

Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти болуп шайланды. Ал шайлоого катышкандардын 72,97 пайызынын колдоосуна ээ болуу менен жеңишке жетти. Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 97,17 пайызы катышкан.

Президенттик шайлоого 8 талапкер ат салышкан. Жеңүүчүдөн кийинки орунда 11,09 пайыздык добуш менен Хыдыр Нуннаев алды. Калган талапкерлер 1ден 7,2 пайызга чейинки колдоого ээ болушту.

Азыркы өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедовдун президенттик кызматка киришүү аземи 19-март күнү өтөт.

11-февралда Гурбангулы Бердымухамедов өзү жөнүндө оңой эмес чечим кабыл алганын жар салган. Ал парламенттин жогорку палатасынын жыйынында сүйлөп жатып, өлкөнү 15 жылдан бери башкарып келе жатканын айтып, БШКга кезексиз шайлоону өткөрүүгө даярдык баштоону тапшырган.