«Атама мени макташса, ыйлап жатат». Бишимбаевдин сотунан кийин көпчүлүктүн назарына түшкөн эксперттин маеги

Алматылык соттук-медициналык эксперт Тахир Халимназаров жубайын өлтүрүүгө шектелип жаткан Казакстандын мурдагы министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча бир жолку соттук отурумдан кийин көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Социалдык тармактагы баракчасы бир күндө эле ыраазычылык каттарга толду. 

Анын Инстаграмдагы бир сүрөтү 300 миңдей «лайк» алса, 30 миңден ашуун комментарий жазылды. Ага 100 миңден көбүрөөк адам катталуучу болгон.

Tengrinews.kz кабарчысы эксперт менен маектешип, күтүлбөгөн жерден «жылдыз» болууга кантип туруштук берип жатканын жана бул анын жашоосуна кандай таасирин тийгизгенин сурады. 

«Ушунча жыл иштедим. Күн сайын соттук-медициналык эксперт катары сот иштерине катышып, бир жолку соттук отурумдан кийин мындай болуп кетерин чынын айтсам, өзүм да түшүнбөй калдым. Бирок тилектерди, жылуу сөздөрдү көргөндө, алар сени баалап жатса, чынын айтсам, көзүмдөн жаш чыкты. Анткени бул абдан күтүүсүз болду. Мен ушунча жылдан бери соттук-медициналык экспертизада иштейм, бул биздин ишибиз. Анан сени эч ким жумушуң үчүн мактабаса… Бул жолку иш резонанс жаратып, коомчулук карап отурганынан улам ушундай реакция деп эсептейм.

Азыркыга чейин жылуу сөздөр айтылууда. Мен космоско барып келгендей өзүмдү космонавт сезип жатам. Жаш болсом бир жөн, анан жашым ушуга келип калганда сенин ишиң үчүн баалап жатканы башкача сезим экен. Менин атам 85 жашта. Ага барышып, «Карачы, сенин балаң кандай болду. Элдин баары мактап жатат» десе, көзүнөн жаш чыгып жатат», — деди ал.