Алматыда 1-класстын окуучусун чоң класстын окуучулары зордуктап жүргөнү резонанс жаратты

Алматыда 1-класста окуган баланын атасы уулун чоң класстагы балдар көптөн бери зордуктап жүргөнүн айтып чыкты. Бул окуя казак басылмаларында талкуу жаратууда.

Жабырлануучунун айтымында, декабрь айында баласында зомбулуктун алгачкы белгилери байкалган. Баласынын башында көк тактарды көрүп, класс жетекчисине айтканда, ал өзү көзөмөлгө аларын билдирген. Жакында гана атасы баласынын кийимдери булганып калганын көргөн. «Бул эмне деп сурасам, «боёк» деди. Так жуусам кетип калды. Бул боёк эмес, чындыкты айтчы десем, Жаңы жылдан бери эки бала дааратканада жаман иштерди кылып жүрүшкөнүн айтты. Кан жана сперма болгон кийимдерин далил катары тергөөчүгө өткөрүп бердим», — дейт атасы.

Ал эми мектеп педагогдору окуяны чындыкка жатпайт дешүүдө. «Бизде камералар бар, баарын көзөмөлдөп турат. Видео байкоодогу жазууларды полиция алып кеткен», — деген мугалими. Окуя боюнча Балдардын укугун коргоо комитети да иш алып барып, тергөө уланып жатат. Жабырлануучу баласы «Марьям» аттуу менчик мектепте окуганын жана айына 135 миң тенге (25 миң сом) төлөрүн айткан.